ТУРУКТУУ ОКУРМАНДАРГА ЭСКЕРТҮҮ!


Урматтуу «Коом жана Мен» сайтынын туруктуу окурмандары,
мындан ары биздин сайтты береги
http://ruhesh.kg
шилтеме аркылуу таба аласыздар! Биз журт которуп көчүп кеттик…

Акция:«Коом жана Мен» сайтына кайдыгер караба!


Тепкичтен тепкичке өсөлү, окурман!

Урматтуу окурман, «Коом жана Мен» сайты маани-маңуздуу сапаттагы Интернет айдыңынан өз ордун табуу максатында эсеп ачты. Аталган сайт дил агартуу максатын көздөйт. Мураты – Улуттун Рух кенчин байытуу; өрнөктүү асыл ойлорду жана адабий көркөм чыгармаларды кыргыз окурмандарына жеткирүү.

Эң башкы мүдөөбүз – келечек муунду туура тарбиялоо багыты; жаштарыбыз жана өспүрүм курагындагы балдарыбыз өз ЭНЕ тилинде ою жетик, тили жатык тарбиялануусуна камылга көрүү; үйбүлө баалуулуктарын унутта калтырбоо…

Толугу менен

Анна ГАВАЛЬДА: «35 кило үмүт»


Жаңы дүбүрт 

Учур адабиятынын астанасын аттаган жаштар арасында өрнөктүү текст кургандары негедир өтө аз саналып келет. Бирок береги Анна Гавальданын кыргыз тилдүү окурмандарына эми жете турган «35 кило үмүт» аттуу чыгармасына көз жүгүртүп отуруп, котормочунун чеберчилигинен ыракат алгыдай адам. Чыгарманын окумдуулугун арттырган элпек тили, чеберчилигинен улам кайсы дасыккан котормочунун эмгеги дээрсиздер…Чыгарманын өзү да абыдан кызык, андыктан мындай чыгарманы кыргыз окурмандарына жеткирүү жоопкерчилиги да оңой олтоң түйшүк эмес. Ошол оңой эмес түйшүккө бел байлаган Насыпбек Асанбаев аттуу инибизге терең ыраазы болуп отурабыз. Кыргыз кыртышына сиңип кетер эмгек болуптур. Кыргыздын төл сөзүн төргө чыгарган мындай чеберчилиги менен окурман журтун дагы далай кубандыра турган алдыда даа. Адабий камылгасы бардай…

толугу менен

Бөтөн кеңеш


Эфиоп жомогу

Бир кембагал уулун ээрчитип шаарга жөнөптүр. Атасы эшекке минип, уулу ээрчип алат.

– Могулардын түрүн көр! Ушундай да болобу? – деди алдыдан кезиккендер.

– Жоругуң жолдо калгыр десең. Өзү эшекке минип, уулун жөө жалаңдатып койгону эмнеси?! Ата болбой куруп калгыр!

толугу менен

«Кыргыз интеллигенциясы көңгө чыккан гүлгө окшош, жел жүрсө эле сасыйт»


Жазуучу Дүйшөн КЕРИМОВ менен маек

– Дүйшөн аке, азыр ушу китепканага бара турган заманбы? Эл базардан  башы чыкпай, айласын таппай жүрсө, Сиз китеп окуп,  түйшүк тартып жүргөнүңүз кандай?

–  Ээ, иним,  кызыктын баары ушул жакта да. Эгерде китепкөй болуп, анын миң кырдуу, миң сырдуу дүйнөсүнө арбалып алсаң, мобу базарың, саясатташкан турмуштагы көр тирлигиң, покко арзыбай калат. Куттун баары ушул китепканада.

толугу менен

Оңдолбогон жети кат


1-кат

Кандай дос? Иштер ийгиликтүү өтүп атабы? Ден-соолуктар чыңбы? Үйдөгүлөрдүн баары жакшы жатышабы?

Эми мени сурасаң, баягыда 10-август күнү 2-автобус менен кеткем. 26-август күнү кайра келдим. Мына бүгүн 31-август. Ишке орноштум, бут үзүлгөнчө жүгүрүп жүрүп. Иш «Ленин жолу» газетасында. Должность зам. нач. областного литературного отдела.

Эми бир аз лирикалык чегинүү жасабаса болбойт. Баягыда мага капа болгон жоксуңбу? Бара деле берет элем үйүңөргө, бирок ошол күнү эмнегедир настроение жок эле. Сен ага капа болбо. Менин анча-мынча кыялымды түшүнөсүң го.

толугу менен

Рюноскэ АКУТАГАВА: «Эргежээлдин экимети»


Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

ЭССЕ

Жаңжал

Акылы пас адамдар жаңжал дегенде жантыгынан жата калат. Белая Лилиянын[1] айланасындагы айтылуу жаңжал, Арисимага байланыштуу армандуу айың, Мусякодзинин чырдуу окуясы андай адамдарды чын күлүктөй элиртет. Акылы пас адамдар эмне үчүн атактуулар аралашкан ыр-чырга өтө ынтызар? «Анткени, – дейт Гурмон, – андай жаңжал, андай ыр-чырды биз табигый иш катары сыртка чыгарбай, ичибизге катып көнгөнбүз».

толугу менен

Чоюн ӨМҮРАЛЫ: Ата Журт коркунучта!


Түптү түргөн Учту кармайт.
Кыргыз накылы

«…практический дух еврейства стал практическим духом христианских народов. Евреи настолько эмансипировали себя, насколько христиане стали евреями».
 К.Маркс

 «Бир «один хороший, умный и хитрый еврейдин» колу менен бүтүндөй бир мамлекетти кандайча ичтен иритип, багытын буруп кетишкени тууралуу ажайып тамсилди кыргыз тарыхчылары илгери-кийин (дагы кечигип!) иликтей жатышаар…
«Теңирчиликтен»

толугу менен

Каркыра


Бурят жомогу

Каркыраны силер, балдар, билесиңерби? Билесиңер!

Буту узун, мойну узун, учат. Ии, ошол. Ошол каркыра деген куш ааламдагы бүт канаттуулардын падышасы болгусу келет экен да, анан ошол максатын ишке ашыруу үчүн дүйнөдөгү канаттуулардын баарын чакырат.

толугу менен

«Борбор Азиянын байыркы тургундары тууралуу баян» китебинен…


БАБА НАКЫЛ
Сыма Цянь (б. з. ч. 135-86)

Кытайдын эң биринчи тарыхчысы, «Кытай тарыхынын атасы» Сыма Чиэн өз заманындагы айласыз билимдер адам болгон. Анын теңдешсиз зор эмгеги “Шы-зи” же “Жылнаамасы” жалаң гана жылнаамалык эмес, тарых, философия, математика, экономика, астрономия, музыка жана география таанымга да канык деп айтсак жарашат.

Улуу тарыхчынын жазмасындагы хунндардын атактуу каганы Модэ туралуу баян курган бөлүмдөн чакан үзүндү Иакинф атанын (И. Я. Бичурин) «Борбор Азиянын байыркы тургундары тууралуу баян» аттуу белгилүү китебинен алынды.

толугу менен

Таалайбек АБДИЕВ «Бардык нерсенин куну – эмгек» дейт (1-МАЕК)


«Эң башкы тилдердин кайсынысы болсун, алты эле жылда үйрөнсө болот. Өз эне тилиңди толук үйрөнүүгө бүт өмүрүң да жетпейт».
ВОЛЬТЕР

Мансап, көрдүйнөнүн артынан кууйт кыргыз. Сая кууйт. Илим-билимдин артынан кууганы аз. Биздин бүгүнкү мейман улуттук көрөңгөбүздү байытуунун абыгери – Таалабек Абдиев агабыз. Жүрүм-туруму өтө жөнөкөй болгон бул инсандын билими туурасында те бир кезең Салижан Жигитовдун оозунан уккан жайыбыз бар. Салижан устатыбыздын назарына эрте илинген Т.Абдиевди сыртынан гана таанычубуз. Өзү Өзгөндөн. Оштун Мамлекеттик университетин бүтүрүп, кийин Санкт-Петербургда лингвистикалык изилдөөлөр Институтунан кандидаттык диссертациясын коргоп, ошол күндөн ушул күнгө дейре илим жолунда чыйыр салып келет. А илимде чыйыр жол салуу түйшүгү зыл таштай оор. Азис окурман өзү ажыратып алаар аны. Мындан ары «Коом жана Мен» блок-сайтынан Таалайбек мырзанын 3-4 бөлүктөн турган маегин окуй аласыздар.

толугу менен